А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Угуп кой"

Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.

Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.

Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.

Кайырма:

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 322 | Теги: Гүлнур Сатылганова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: