А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлнур Сатылганова

Текст песни Гүлнур Сатылганова "Ыр десте"

Агылган күнгө булактай,
Жагылган түнгө чырактай.
Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн суратпай.
Баталы кызыкка,
Бар мына музыка.

Кайырма:
Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,
Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте.
Кыргыз деп ырдалат, жылдыз деп ырдалат,
Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат,
Өмүрүң нурданат.

Кадырлуу журттун байлыгы,
Канаттуу ырдын кайрыгы.
Учалы бирге, замандаш,
Унутуп дилде кайгыны.
Жаныңды ысыта,
Жаңырсын музыка.

Кайырма:

Ыдырай бербей чоочуну,
Ырдасак бирге отуруп.
Биримдүү элден болобуз,
Дилибиз дилге кошулуп.
Бүйүрүңдү кызыта,
Бүтпөсүн музыка.

Кайырма:

Категория: Гүлнур Сатылганова | Добавил: Админ (19.02.2018)
Просмотров: 536 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: