А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлсүн Мамашева

Текст песни Гүлсүн Мамашева "Жаш курак"

Мезгилдин гүлү жазгы убак,
Өмүрдүн гүлү жаш курак.
Жаштыгың өтүп кеткен соң,
Жаш кезин кимдер сагынбайт.

Билинбей өткөн турбайбы,
Сезилбей кеткен турбайбы
Алтындай болгон жаш курак.

Сүйүүнүн гүлүн аралап,
Гүлдөгөн экен жаш курак.
Кыярып бара жатабыз,
Чачтарга кирип ак бубак.

Мезгилдер алга шашылат,
Алыстап бизден жаш курак.
Чачтарга кирдиң ак бубак.

Мезгилдин гүлү жазгы убак,
Өмүрдүн гүлү жаш курак.
Жаштыгың өтүп кеткен соң,
Жаш кезин кимдер сагынбайт.

Билинбей өткөн турбайбы,
Сезилбей кеткен турбайбы
Алтындай болгон жаш курак.
Мезгилдер алга шашылат,
Алыстап бизден жаш курак.
Чачтарга кирдиң ак бубак.

Категория: Гүлсүн Мамашева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 464 | Теги: Гүлсүн Мамашева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: