А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлжигит Сатыбеков

Текст песни Гүлжигит Сатыбеков "Көз жаш"

Кат жаздым жан адамга окутпадым,
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын.
Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы,
Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Мен сага алданыпмын, алданыпмын,
Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын.
Ыйык деп махабатты, сени дагы,
Ишенип бир өзүңө байланыпмын.

Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.

Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү,
Жүрөктө сага деген сезим өчтү.
Кирпикке жашыра албай тамчыларым,
Каректер жамгыр сымал жашын төктү

Категория: Гүлжигит Сатыбеков | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 451 | Теги: Гүлжигит Сатыбеков | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: