А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлзинат Суранчиева

Текст песни Гүлжигит Калыков, Гүлзинат Суранчиева - Сүйүү бак

Шаар ичи кеч шамга жамынат,
Ай менен жылдыз түнү ачылат.
Шамал бетимен мээримдүү сылайт,
Мен баратам жол боюн карап.
Бир өзүңдүн карааныңды самап,
Бирок эч кимдин жүзү таанылбайт.
Элесиңди эстеймин, көздөрүңдү эңсеймин,
Жүрөгүмдүн жамалы, кайдасың сен,
Кыйнабай жанымды кайрылгын, келсеңчи.

Кайырма:
Сүйүү бак жалбырактар шыбырап,
Кыялымда учурат махабат.
Көздөрүң, сүйөм деген сөздөрүң,
Унута албайм эч качан, жүрөгүм,
Жүрөгүм, жүрөгүм...

Аярлап ай мени аягансыйт,
Тээ алыстан мени чакыргансыйт.
Нуру менен жан дүйнөмдү,
Сагыныч оюмду курчады.
Бастырбай өзүңө арбап салды,
Сезимим мынча мени кыйнады.
Бак-дарактын арасын аралап мен басамын,
Кыялымда айлана жаркырады,
Кундуздай кубула чакырат сени мага.

Кайырма:

Категория: Гүлзинат Суранчиева | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 354 | Теги: Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: