А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлзинат Суранчиева

Текст песни Гүлзинат Суранчиева "Бир өзүң"

Махабаттын табияты татаал экенин,
Бир тараптуу сүйүүм менен сезип келемин.
Жүрөгүмдү бийлеп алган жаным, өзүңсүң,
Жалгыздыкты кыял менен азыр жеңемин.

Айткым келет сага болгон тунук сүйүүмдү,
Корком кайра, өчүрбөйм деп жалгыз үмүттү.
Жүрөк сезет, балким бир күн кабыл алат деп.
Күтүп жүрөм, андан бери канча күн өттү.

Кайырма:
Бир өзүң, сезимди ээлеп алдың,
Бийлеп алдың.
Бир өзүң, жүрөктөн орун алдың,
Бийлеп алдың,
Бир өзүң, бир өзүң...

Ак сүйүүмдү жан дүйнмө батырган менен,
Жүрөк суусап, кусалыкка жабыркай берем.
Айттырбастан, сезип алчы арзуумду өзүң,
Амал качып, арга таппай алсырап келем.

Кыялымда, жүрөгүмдө жашап келесиң,
Сен жылмайып, жылуу тиктеп үмүт бересиң.
Бүт ааламды батыра алган каректеримде,
Жалгыз өзүң жүргөнүңдү качан сезесиң?

Кайырма:

Категория: Гүлзинат Суранчиева | Добавил: Админ (16.02.2018)
Просмотров: 337 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: