А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Г » Гүлзинат Суранчиева

Текст песни Гүлзинат Суранчиева "Кызгалдак"

Көк майсаң көркөм, ай, тектирдин,
Гүлдөрүн искеп, ай, көп бердиң.
Сырланган сулуу кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?

Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?
Кызгалдак, кызгалдак,
Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн?

Кубанып карап, ай, күлүпмүн,
Аралап басып, ай, жүрүпмүн.
Көктөмдү сүйгөн кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?

Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?
Кызгалдак, кызгалдак,
Күлкүсү белең, ай, жигиттин?

Куудуңдап кыштын, ай, ызгаарын,
Ордуна өстүң, ай, муз-кардын.
Көктөмдөр сүйгөн кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын.

Кайырма:
Кызгалдак, кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын?
Кызгалдак, кызгалдак,
Курдашы белең, ай, кыздардын?

Категория: Гүлзинат Суранчиева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 348 | Теги: Гүлзинат Суранчиева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: