А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Ильяз Абдыразаков

Текст песни Ильяз Абдыразаков "Жамгыр"

Суранам сенден, алтыным,
Бул түнгө таштабачы.
Жоготуп кара көзүңдү,
Калтырдың коюу түнгө.
Жалгыздык жанга шерик,
Тиктеймин көзүмдү албай.
Терезени улам чертип,
Жамгыр да кошо ыйлайт.

Кайырма:

Барбы сенин күткөнүң,
Айтчы, жамгыр, сырыңды?
Балким, сен да мага окшоп күткөнсүң.
Сыздай, кыйналып, сагынып, жалынып,
Келсеңчи деп, кетпечи деп...

Жамгырдын ыйы басылбай,
Өксүүдөн ыйлап турдум.
Эселек жапжаш баладай,
Жүрөгүм туйлап турду.
Ушул түнү аяп келчи,
Сооротчу, жаным, жай.
Кусалыгым жанга батпай,
Кошулуп турам ыйлай.

Кайырма:

Категория: Ильяз Абдыразаков | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 326 | Теги: Ильяз Абдыразаков | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: