А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Ильяз Андаш

Текст песни Ильяз Андаш - Ойлорум сен

Күндө кирип түшүмө,
Сүйүү салды түйшүккө.
Бүт оюмду ээледиң,
Бүлүк салып сезимге.
Сүйүүм сенсиз үшүгөн,
Түшүмдөнсүң, түшүнөм.
Куса кылбай жүрөктү,
Чыгып келчи түшүмдөн.
Күткөн жаным сен,
Сүйгөн жарым сен.
Сезсең баарын сен,
Болчу жарым сен.

Кайырма:
Күндө сен деп ойгоном,
Бассам-турсам ойлоном.
Көзүн кыскан кыздар көп,
Бир да карап койбогом.
Ааламда көп сулуулар,
Аларга көп жүрөк зар.
Колун сунат топ сулуу,
Мен үчүн бир чүрөк бар.

Сүйүп калдым бир көрүп,
Издеп жүрөм көшөрүп.
Үмүт бердиң сезимге,
Жашоом калды өзгөрүп.
Жомоктогу перимсиң,
Түшкө тынбай киресиң.
Саргартпастан жүрөктү,
Айтчы, качан келесиң?

Категория: Ильяз Андаш | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 353 | Теги: Ильяз Андаш | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: