А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Ильяз Андаш

Текст песни Ильяз Андаш - Сагыныч

Мен сени сагынган бойдон жүрөм алтыным,
Жазды эңсеп сагынган боз жамгырдай.
Күкүктөп сайраган боз куштардай,
Мен сени издеп жүрөм, мен сени сүрөп жүрөм.

Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлап жүрөм.
Өзүмчө сыздап жүрөм.
Бир сен деп ырдап жүрөм.

Сагындым саргайдым бир сен үчүн,
Сен муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен.

Мен сени сагынган бойдон калам ардагым,
Жете албай калсам ай арманым көп.
Кеңчилик дүйнөнү кечип таштап,
Мен сени издей берем, мен сени сурай берем,
Сыртымдан сыр бербей жүргөн менен,
Ичимден ыйлай берем,
Өзүмчө сыздай берем,
Бир сен деп ырдай берем.

Кыйналдым кысталдым бир сен үчүн,
Сен  муну билесиңби?
Суранам кайра бир келсеңчи сен.

Категория: Ильяз Андаш | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 350 | Теги: Ильяз Андаш | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: