А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Иса Өмүркулов

Текст песни Иса Өмүркулов "Сен менин..."

Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык-жалын жыргалымсың.

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик, эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан.

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.

Категория: Иса Өмүркулов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 364 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: