А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Иса Өмүркулов

Текст песни Иса Өмүркулов "Жалгыздыктан тажап бүттүм"

Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттим.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

Кайырма:
Карап, карап
Кайрадан сени самап,
Күттүм (4 жолу).
Жалжалым,
Жалгыздыктан тажап бүттүм. (4 жолу)

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма.

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.

Кайырма.

Категория: Иса Өмүркулов | Добавил: Админ (14.02.2018)
Просмотров: 350 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: