А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Иса Өмүркулов

Текст песни Иса Өмүркулов "Жалгызым"

Таалай, бакыт, эрмегим,
Татынакай берметим.
Келген өңдүү периште,
Келишимдүү келбетиң.
Сүйүү болсо дарыя,
Толкун болуп мени терметтиң.

Жан дүйнөмдү жылытаар,
Жамалыңда жылдыз бар.
Көркөмүңө мен тургай,
Көз артышат булуттар.
Сенин махабатыңсыз,
Секетим, мага бул дүйнө тар.

Кайырма:
Жалгызым, жарыгым,
Жарымым жаралган бактыма.
Жалгызым, жарымым,
Сени сүйөмүн,
Сени сүйөмүн!

Жарык берген чырагым,
Жанып бирге ынагым.
Жашообузду айрыба,
Жараткандан сураймын.
Бирге татып өтөлү,
Мөлтүр, тунук сүйүү булагын.

Сүйүү сулуу, сүйүү кооз,
Сүйбөй өткөн жан болбос.
Бакыт болуп мен үчүн,
Сүйлө, ырда, обон соз.
Күндө келчи жолумдан,
Күтүп мени, күлүп-жайнап тос.

Кайырма:

Категория: Иса Өмүркулов | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 334 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: