А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Исирадин Аманбаев

Текст песни Исирадин Аманбаев - Ай, гитара

Жаштыктын жалындаган жылдарында,
Жүрчү элек Фрунзенин бульварында.
Андагы сенин күлкүң, менин күлкүм,
Калыптыр гитаранын кылдарында.

Кайырма:
Ай гитара, гитара ай,
Достоштук го биз далай.
Ачык мүнөз, жайдары,
Ошондогу кыздар, ай.
Ай гитара, гитара ай,
Сырдаштык го биз далай.
Токтоо мүнөз, жароокер,
Ошондогу кыздар, ай.

Эргиймин гитар үнүн уккан чакта,
Жүргөнсүйм сени менен дале бакта.
Ансайын тизмектелип өткөн күндөр,
Элестеп көзүн ымдайт алыс жакта.

Кайырма:

Жанымды гитар үнү жалындатат,
Сага деген сагынычымды калыңдатат.
Экөөбүз бирге жүргөн түндү самап,
Жүрөгүм туйлап бакыт даамын татат.

Кайырма:

Категория: Исирадин Аманбаев | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 389 | Теги: Исирадин Аманбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: