А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Исирадин Аманбаев

Текст песни Исирадин Аманбаев "Соң-Көл баяны"

Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.

Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап алыстан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.

Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган...
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.

Өксүгөн өмүр сезбеди,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап Ак Мөөрдүн,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.

Категория: Исирадин Аманбаев | Добавил: Админ (13.02.2018)
Просмотров: 380 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: