А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Исирадин Аманбаев

Текст песни Исирадин Аманбаев "Түнкү махабат"

Аба салкын, түн ортосу, Ай жарык,
Көпкө жүрдүк, бак аралап айланып.
Бир убакта мындай сунуш киргиздиң:
"Болдучу эми, түн ортосу кайталык".

Кучактадым, мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдөн жыттадым.

Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сунуп коштошууга окшодуң.
“Эсен тур” деп оң колумдан бек кысып,
Ич жылытып, жүрөгүмдү козгодуң.

Категория: Исирадин Аманбаев | Добавил: Админ (10.04.2018)
Просмотров: 446 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: