А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » И » Исирадин Аманбаев

Текст песни Исирадин Аманбаев "Өттү күндөр"

Өттү күндөр сезим козгогон
Барсам сага жолум болбогон
Күнү түнү сени ойлонуп
Ышкы отуна күйүп боздогом
Өттү күндөр чыкпай кумардап
Жолуң тозчу сенин суу алган
Маңдайдагы жалгыз тереке
Кеч киргенде кел деп сурангам

Өттү күндөр эңсеп жүргөнүм
Апаат болду далай күндөрүм
Далее көздө далай элестейм
Бирге жүргөн айлуу түндөрүм
Өттү күндөр суудай агылып
Унута албайм жүрөм сагынып
Алыс калган азыр элесиң
Ай артынан айлар жаңырып

Өттү күндөр сезим козгогон
Барсам сага жолум болбогон
Күнү түнү сени ойлонуп
Ышкы отуна күйүп боздогом
Өттү күндөр чыкпай кумардап
Жолуң тозчу сенин суу алган
Маңдайдагы жалгыз тереке
Кеч киргенде кел деп сурангам

Өттү күндөр эми санасам
Санаам менен дале жанашам
Махабатым эч бир карыбай
Карыгансып өзүм баратам
Махабатым эч бир карыбай
Улгангайсып өзүм баратам

Категория: Исирадин Аманбаев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 326 | Теги: Исирадин Аманбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: