А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » Кенже Дүйшеева

Текст песни Кенже Дүйшеева "Аял дебе"

Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнүн.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.

Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.

Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.

Кайырма:

Аял дебе, кылба аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:

Категория: Кенже Дүйшеева | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 436 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: