А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » Кубаныч Сатаев

Текст песни Кубаныч Сатаев "Аясаң боло, жыргалым"

Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.

Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.

Категория: Кубаныч Сатаев | Добавил: Админ (01.03.2018)
Просмотров: 531 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: