А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » Кубаныч Сатаев

Текст песни Кубаныч Сатаев, Кундуз Авашова "Эңсөө"

Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.

Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.

Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.

Категория: Кубаныч Сатаев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 342 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: