А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » Кумар Асанов

Текст песни Кумар Асанов "Алмашым"

Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден.
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылат,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, Алмашым?

Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппай калдым айласын.

Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне деймин, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.

Категория: Кумар Асанов | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 440 | Теги: Кумар Асанов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: