А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » Кумар Асанов

Текст песни Кумар Асанов "Кыргызстан"

Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.

Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.

Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!

Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.

Ала-Тообуз - элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.

Категория: Кумар Асанов | Добавил: Админ (01.03.2018)
Просмотров: 795 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: