А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » К » КЫЗ-БУРАК тобу

Текст песни КЫЗ-БУРАК тобу - Мажүрүм тал

Бажырайган жаздын күнүндөй,
Баргансызбы Ошко бир жолу?
Башын ийип назик жүгүнөт,
Мажүрүм тал Оштун символу.

Көктөн келген көрктүү убакта,
Көргөнсүзбү Ошту бир жолу?
Кырк өрүм чач кыздай кылактайт,
Мажүрүм тал Оштун символу.

Күн нуруна назик таранып,
Кылыктанат кыздай миң жолу.
Көлөкөсүн сылайт эрте-кеч,
Мажүрүм тал Оштун символу.

Сагынамын Ошту ар дайым,
Сагынамын жапкан ак нанын.
Ак-Буурага турат жанашып,
Сулайман Тоо Оштун символу.

Категория: КЫЗ-БУРАК тобу | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 527 | Теги: КЫЗ-БУРАК тобу | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: