А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Майрамбек Осмонов

Текст песни Майрамбек Осмонов "Ашыкмын"

Көргүм келип күндө сени,
Көңүл эңсеп, самаймын.
Үмүтүмдү үзө албай,
Келчү жолуң караймын.
Колумдагы кызыл гүлүм,
Ал да сени күткөнсүйт.
Өмүр бою сени сүйүп,
Күтүүгө мен жараймын

Кайырма:
Өмүрлүү бол, өксүбөгүн,
Бакыт гүлүн тере бер.
Көбөйсө экен жүрөктөгү,
Сүйүү баскан желелер.
Мөлтүрөгөн көздөрүңдөн,
Мен садага болоюн.
Бир да сулуу кыз көрбөдүм,
Бир өзүңө теңелер.

Сөздөрүңдү уккум келип,
Күлгөнүңдү сагынам.
Жарашасың, төп келесиң,
Мага бардык жагынан.
Сен да мени сагынасың,
Күндө бир маал жол карап.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм,
Сени, жаным, баарынан.

Кайырма:

Ачык айтчы, жашырбачы,
Болбоймунбу убара?
Арманыма арман улап,
Ары көздөй улаба.
Ак сүйүүмдү ыраа көрбөйм,
Бир өзүңдөн башкага.
Өмүр бою бир болом деп,
Берем сага убада.

Кайырма:

Категория: Майрамбек Осмонов | Добавил: Админ (10.04.2018)
Просмотров: 430 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: