А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Максат Бегалиев

Текст песни Максат Бегалиев "Арноо"

Келесиң сен кайрадан жазымдын таңында,
Биз жолуккан ал учур күттүргөн сагынта.
Жазды бирге тособуз, үн созобуз,
Жарашып жаштык шарына.

Кучак жайып сагына, көзүңө жалына,
Тосуп сенин жолуңдан, кармаймын колуңдан.
Чыкпайсың эч оюмдан, сүйөм сени,
Ырахмат сүйүү барына.

Кайырма:
Жаздын сүйүү ырларын сага арнайм,
Ак сүйүү барда,
Биргебиз дайыма эгиздей.
Жаздын сүйүү гүлдөрүн сага арнайм, Жаздын таңында,
Асмандай, кыялдай, деңиздей.

Бул жазда көчөлөр өзгөчө саймалуу,
Кыздар да бир күлкүчү, кылыктуу, жайдары.
Мен сени жазда күткөм, сен жарыгым,
Жазыма окшош айдыңым.

Кайырма:
Жаздын сүйүү ырларын сага арнайм,
Ак сүйүү барда,
Биргебиз дайыма эгиздей.
Жаздын сүйүү гүлдөрүн сага арнайм, Жаздын таңында,
Асмандай, кыялдай, деңиздей.
 

Категория: Максат Бегалиев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 396 | Теги: Максат Бегалиев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: