А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Малик Аликеев

Текст песни Малик Аликеев "Мөлмөлүм"

Беттин көркү нур менен
Белдин күркү кур менен
Биз сүйгөн сулуу мөлмөлүм
Белгилүү болсун ыр менен

Эки илебиң кызыл ачылганда мөлмөлүм
Бир карасам жүрөк оо чачылгандай мөлмөлүм
Маңдай чачың маргалаң аа жибегиңдей мөлмөлүм

Күйдүм мөлмөл аппагым
Ааламда сендей таппадым
Издеп издеп күн-түнү
Мөлмөлүм деп какшадым
Секин баскан бутуңдан
Сыйдала мончок жытыңдан
Кадам койгон бутуңдан
Калемпир мончок жытыңдан

Жанаша бүткөн алмаңдын
Бирөөнү бер деп жалынсам
Угаар белең үнүмдү алаар белең тилимди
Сооротоор белең балаңдай
Санааркап жүргөн дилимди

Чыныга куйган бал болсоң
Чымындай ага малынсам
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам
Чыгарып койсоң боор ооруп
Чыгарың болуп жагылсам
Алты оролуп мойнуңа
Ак маржан болуп тагылсам

Бетиме түшсө жамалың
Ашык отко жанамын
Боорукер болсоң колдоп ал
Боздоп жүргөн баламын
Алкымыңа жарашкан
Алтын иймек сагагым
Ай тийгенсип көрүнөт
Ак бермет таккан тамагың
Боз уланды какшаткан
Болоор болбос баш каккан
Сенин бөдөнө тумшук мамагың

Айдап айдап мал бербей
Ай өркөчтөн нар бербей
Сүрүп сүрүп мал бербей
Сүйрү өркөчтөн нар бербей
Башымды берсем тартууга
Алаар белең мөлмөлүм
Ашкылыка бир да баа
Табаар белең мөлмөлүм
Же мал бербей өзү берет деп
Өлбөсө кимге керек деп
Чанаар белең мөлмөлүм

Берейин десем малым жок
Мал табууга алым жок
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын ичим чок
Маңдайга жазган ушулбу
Чече албады көңүл шок
Көрүнүп койчу бир жолу
Булуттан чыккан айга окшоп

Категория: Малик Аликеев | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 358 | Теги: Малик Аликеев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: