А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Мирлан Абдыраев

Текст песни Мирлан Абдыраев "Жалжал көз"

Карагат кара көзүң бар,
Бал ширин таттуу сөзүң бар.
Алдыңа барып айтууга,
Шекерден таттуу сөзүм бар.
Уктабай сени ойлодум,
Ойлосом ойго тойбодум.
Куру дегенде сый кылып,
Кубантып, карап койбодуң.

Кайырма:
Жүрөгүм менин бир гана,
Жүз жүрөк менде болсо да.
Эмгекти сүйгөн жалжал көз,
Берер элем бүт сага.

Тосоюн деймин жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Карабай кетип сен эми,
Кайната көрбө шорумду.
Үн улап менин үнүмө,
Шерик кыл өмүр гүлүнө.
Аймалап жыттап күнүнө,
Ай сайын эмес күнүгө.

Кайырма:

Категория: Мирлан Абдыраев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 396 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: