А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » М » Мирлан Баеков

Текст песни Мирлан Баеков - Ата тилеги

Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:

Категория: Мирлан Баеков | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 426 | Теги: Мирлан Баеков | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: