А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Назира Кадыева

Текст песни Назира Кадыева "Унутпаймын"

Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, жыргадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.

Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге басып, кол кармашып жүргөндө.

Бирок, анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга арга таппадык,
Жакын жүргөн менен алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок жаным, мага таарынба.

Категория: Назира Кадыева | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 539 | Теги: Назира Кадыева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: