А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Назира Токонова

Текст песни Назира Токонова - Жанымдын жарымы

Кагылайын карааныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө...

Жазгы жел уйпаласа чачтарыңдан,
Ал сени эркелеткен демим менин.
Сыдырым күз аптабы сылап өтсө,
Эрдиңе эңилгени эриндерим.

Капилет нөшөрлөгөн жамгыр төксө,
Ал менин сагынычым сени эңсеген.
Ал түндө айдын нуру шоола төксө,
Ал менин кыялдарым себелеген.

Кайырма:
Кагылайын карааныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө...

Мертенип тагдырымдан адашсам да,
Мен сени бербейм жаным башка жанга.
Бактымды сыйдыра албайм сендик болгон,
Миң ирет таазим кылып жаратканга.

Күмүштөй күлкү тагып көңүлүңө,
Чек коюп сүйүүлөрдүн төгүнүнө.
Армандуу жан эсебин азайтамын,
Ашыктык дартын сүйкөп өмүрүмө.

Кайырма:

Категория: Назира Токонова | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 439 | Теги: Назира Токонова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: