А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Назми

Текст песни Назми "Унутпаймын"

Күттүрбөй күн да кеч кирип,
Күткөнүм келбей кечигип.
Байкатпай келер бекен деп,
Бакчада турдум бекинип.
Бакчада турдум бекинип,
Анда мен бакчада турдум бекинип.

Асманда жылдыз чачылып,
Адырдын жели басылып.
Аярлай басып мен барсам,
Алдымдан чыктың ашыгып.
Алдымдан чыктың ашыгып,
Анда сен алдымдан чыктың ашыгып.

Арадан канча күн өттү,
Ачыштыр ыйлай жүрөктү.
Өтсө да учкул убакыт,
Унутпайм ошол мүнөттү.
Унутпайм ошол мүнөттү,
Кантип унутам ошол мүнөттү?

Категория: Назми | Добавил: Админ (08.02.2018)
Просмотров: 425 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: