А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Неля

Текст песни Неля "Бакыт"

Бул жалганга жаралганда,
Булганыч жок бүт тазадай.
Тагдыр калчап тараганда,
Бир күлүп, бир жазалайт.
Душман, курдаш арасында,
Нечен кыял жүз талдадым.
Өксүп өчүн аларында,
Өз жолумду тандадым.

Кайырма:

Жашоонун жалыны жанып,
Жазбай жанамын.
Багынбай барк жетпес байлык,
Бактым табамын.
Сүйүүнүн сүрөтү сонун,
Өчпөйт каралдым.
Өмүрдө бактылуу болуу,
Үчүн жаралдым.

Жүрөгүмдөн жазар элем,
Бакыт улам бара качса.
Капа болбойм, ошол калем,
Бирде өчүп, бир жазса.
Сынагандай сыртым салып,
Сыр алдырбайм муңга батып.
Сынар кезде таяп калса,
Жетээр мага ошол бакыт.

Кайырма:

Категория: Неля | Добавил: Админ (30.01.2018)
Просмотров: 390 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: