А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Нурлан Насип

Текст песни Нурлан Насип "Маякчы карындаш"

Эх, карындаш, мени мынча кыйнадың?
Маяк берип, күнү-түнү тынбадың.
СМСтен сен сүйүүңдү мага арнап,
Чынбы-калппы түрдүү ырды жазасың.

Көргүм келет мен да сенин жамалың,
Телефон чалсам, кылыктанып, албайсың.
Табышмакты бекем катып сен мага,
Тартынасың, неге жообун айтпайсың?

Кайырма:
Эх, карындаш, сырыңды сен катпа,
Маяк кылып ойго мени салба.
Эгер оюң мендик гана болсо,
Уяңсырап, кездешүүдөн качпа.

А, балким, сен мен жөнүндө биринчи,
Теле-радио, гезиттерден угуп, окуйсуң.
Кыялданып, ойго батып өзүнчө,
СМСтен ырларыңды мага жолдойсуң.

Сага жаздым мен да ушул ырымды,
Ыр түрүндө айттым сага сырымды.
Маяк бербей, телефондон түз сүйлөш,
Эх, маякчы карындашым, кылыктуу.

Кайырма: 

Категория: Нурлан Насип | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 414 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: