А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Н » Нурзада Жолдошева

Текст песни Нурзада Жолдошева "Жашынган махабат"

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Берген гүлүң тандаймын,
Тазарып ак таңдайым.
Жолун тапкыс жүрөктү,
Жолугам деп алдаймын.
Курган жүрөк сен деген,
Сенсиң сезим энсеген.
Түнүм супсак, уйкум жок,
Санап кирпик ирмеген.

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Сүйлөбөйсүң, күлбөйсүң,
Көз уялткан күндөйсүң.
Сырын ачпас бир мүнөз,
Айсыз жылуу түндөйсүң.
Көз карашың нур болуп,
Тыңшап ырым угасың,
Көңүлүңдү жашырбай,
Качан мага бурасың?

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Ызаланып, кызганып,
Башкалардын көзүнөн.
Тынчым кетип, ой басып, уккум келет сөзүңөн…
Мен жактырган ал жигит,
Жүрөгүмдө сыр болот.
Кучагыңда бактылуу
Калган бийкеч ким болот?

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Категория: Нурзада Жолдошева | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 368 | Теги: Нурзада Жолдошева | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: