А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Р » Руслан Нарынбаев

Текст песни Руслан Нарынбаев - Кара көзүм

Сен менин бул жашоодо бейишимсиң,
Жашыл арал жыты аңкып, гүл жайнаган.
Күз түшкөн өмүрүмө келген жазсың,
Жашартып көңүлүмө бүр байлаган.
Кара көзүм, кара көзүм,
Жашартып көңүлүмө бүр байлаган.

Жыргалымсың сен менин жан эргиткен,
Ыргагымсың сен менин жан сергиткен.
Бул өмүрдө жалгыз гана сага арналган,
Ырларымсың жазыла элек, жан эргиткен.
Кара көзүм, кара көзүм,
Ырларымсың жазыла элек, жан эргиткен.

Сен менин таркабаган кумарымсың,
Сен менин соолубаган булагымсың.
Саргайган жашоомду жашылдантып,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.
Кара көзүм, кара көзүм,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.
Кара көзүм, ширин сөзүм,
Жүрөгүмдү жашартып турарымсың.

Категория: Руслан Нарынбаев | Добавил: Админ (24.01.2018)
Просмотров: 468 | Теги: Руслан Нарынбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: