А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Р » Рустам Сагыналиев

Текст песни Рустам Сагыналиев "Шолоктоп неге ыйладың?"

Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанашып бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көрүндүң бизге үндөштөй.
Башкабы, сенин, сыйлаарың?
Башкабы, айтчы, кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге кыйнадың?

Категория: Рустам Сагыналиев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 525 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: