А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Р » Рыспай Абдыкадыров

Текст песни Рыспай Абдыкадыров "Алмашым"

Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден?
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылыт,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың?

Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппайм жандын аргасын.

Энчиң болсун эмгек жана махабат,
Эгер баштабасаң турмуш пардасын
Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.

Категория: Рыспай Абдыкадыров | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 783 | Теги: Рыспай Абдыкадыров | Рейтинг: 1.5/2
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: