А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сайкал Садыбакасова

Текст песни Сайкал Садыбакасова - Асыл апам

Жайнатып обон жазсам да,
Берметтеп сөздү тапсам да.
Жалгызым, алтын апам,
Тең келбейт сага бүт аалам.
Гүл кызың болуп өсөйүн,
Гүлдөрдөн килем төшөйүн.
Көңүлүм капа тартканда,
Башымды катып жөлөөрүм.
Кайырма:

Каныкейимсиз, Жаңыл Мырзамсыз,
Кыз Сайкалымсыз, Курманжан даткам.
Кубанычымсыз, аткан таңымсыз,
Алтыным, асылым апам.

Өйдөлөп өстү баркыңыз,
Ак иштеп элге жактыңыз.
"Элим" деп күйүп дайыма,
Эмгектен баар таптыңыз.
Сөзүмдө бүтпөс жомогум,
Төрүмдө сыйлуу коногум.
Оорубай, узак жашаңыз,
Арка бел, кубат-жөлөгүм.

Кайырма:

Категория: Сайкал Садыбакасова | Добавил: Админ (24.01.2018)
Просмотров: 388 | Теги: Сайкал Садыбакасова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: