А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Саламат Садыкова

Текст песни Саламат Садыкова - Кыргыз жери

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.

Категория: Саламат Садыкова | Добавил: Админ (25.01.2018)
Просмотров: 504 | Теги: Саламат Садыкова | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: