А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сапар Эркебаев

Текст песни Сапар Эркебаев "Чагылган"

Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Ал аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде.
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?

Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Категория: Сапар Эркебаев | Добавил: Админ (07.03.2018)
Просмотров: 496 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: