А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сапар Эркебаев

Текст песни Сапар Эркебаев "Кантем?"

Мейли, жылдар өтсүн арадан,
Мейли, күндөр өтсүн санаган.
Мейли, күнөө кетсин өзүңдөн,
Мейли, кечиремин, садагам.
Кайдасың деги?
Кел эми,
Кучагым гүл жыттансын, жаным, сени менен,
Өзүңө жетким келет учуп жел менен.

Кайырма:
Кантем эми, канттим деги?
Кайрылбайсың, аттиң, эми.
Кезигишпей калдык окшойт биз эми.
Кантем эми, кантем деги?
Карааныңды таппайм эми,
Кечиришпей калдык окшойт биз эми.

Жоктоп сени жүрөк кыйнады,
Жолугам деп үмүт кыйбады.
Күтөм, бирок үмүт алдана,
Күйүт коштоп сүйүүм арналат.

Кайырма:

Категория: Сапар Эркебаев | Добавил: Админ (05.04.2018)
Просмотров: 394 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: