А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сема

Текст песни Сема "90-60-90"

Көргүм келет өзүңдү,
Көргүм келет сенин көзүңдү.
Уяңы жок, жагымдуу,
Уксам деймин ак сөзүңдү.
Элестетип жүзүңдү,
Эстен танып, оюм үзүлдү,
Өңүм эмес, түшүмбү? Жок.

Эй, Сема,
Назарым өзүңдө.
Келчи, таанышалы,
Кулагым сөзүңдө.
Табышмагым, табыштадың,
Таанышуу жөнүндө,
Арыштадың, карыштадың,
Ашык болгон көңүлгө.

Кылыктанып, жаным, азапка салба,
Сырыңды катпа, сындасам качпа.
Сырдашып, сындашып биз тургун чакта.

Кайырма:
90-60-90 менин фигурам,
Бийлейм, ырдайм, музыканы көп угам.
Тунук махабат сага жетелеп,
Арбалып, алданып, сага бүтүн оюмду бурам.

Маекке сен мени салдың,
Акылдан бир мени алдың.
Сөзүң арбап, мени алдап,
Махабатка мени алдың.
Нурлуу күн болуп тийдиң,
Көрбөсөм дагы сага баш ийдим.
Кайырмакка мени илдиң. Жок.

Кайырма:

Жалынасың, жагынасың, жалын сөздү мага арнай,
Таарынасың, таарынасың тамашага чыдабай.
Бат-бат сагындырбай байланышып туралы,
Бул чат аркылуу келчи, маек куралы.

Өңүң кандай десем, чүрөкмүн дедиң,
Ашык болуп мага жүрөмүн дедиң.
Кайыл болуп ак сүйүүнүн азаптарына,
Мен үчүн, жаным, отко күйөмүн дедиң.

Дарегиңди билемин.
Интернетке киремин.
Жүрөгүмдү жылытат,
Жылуу сөздү илебиң.
Кааласаң мен болоюн,
Купулуңа толоюн.
Кайда болсо карааның,
Кайда болсо тилегиң.

Кайырма:

Категория: Сема | Добавил: Админ (27.01.2018)
Просмотров: 470 | Теги: сема | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: