А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Съездбек Искеналиев

Текст песни Съездбек Искеналиев "Кат жаздым"

Ышкыдар болуп гүлүңө,
Ыр жазам сага күнүгө.
Ачылсын десең кабагым,
Ай болуп чыкчы түнүмө.

Көз артпай турган сен белең,
Көкүттө калчу мен белем?
Көңүлгө батпай сагыныч,
Күн нуру менен тең келет.

Кайырма:
Арманым менин арылмак,
Асыл бир максат табылмак.
Ааламга аруу нур төгүп,
Ашыктык жолу жаңырмак.
Гүлкайыр десем, чөп дейсиң,
Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң.
Көргөнү келсем таң менен,
Көзүңдү артпай, өп дейсиң.

Ташкындап турса суу толуп,
Толкунда жүрсөң куу болуп.
Тилекке улап тилекти,
Таң нуру тийсе туу болуп.

Күн нуру өлөт, мен калам,
Күн нуру өчөт, мен жанам.
Чаңкоосун дилдин баса албай,
Шар аккан суу менен бирге агам.

Кайырма:

Категория: Съездбек Искеналиев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 389 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: