А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Султан Садыралиев

Текст песни Султан Садыралиев "Кан досум"

Кайгырбачы, кан досум,
Жашоодо бар кайгыруу.
Айрылдым деп муңканба,
Турмушта бар айрылуу.
Сагындым деп саргайба,
Адамда бар сагынуу.
Тирүүлүктө таарынуу бар,
Жаңылуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Сабыр түбү сары алтын,
Сабырдуу бол, жан досум.
Таш ыргытса бир арам,
Аш ыргыткын, кан досум.
Кары сөзүн капка сал,
Достун сөзүн угуп ал.
Бул жашоодо жаңылуу бар,
Таарынуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Бул бир келген өмүрдө,
Кир калтырба көңүлгө.
Сыйлашып өт эл менен,
Ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо – күрөш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз.
Жан кейитип арданбай,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалгандан.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып, кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Категория: Султан Садыралиев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 587 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: