А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Султан Садыралиев

Текст песни Султан Садыралиев "Кантейин?"

Аялуу сезим илебин,
Арнаган элем. Албасаң, нетем?
Апакай менин тилегим,
Азаптуу, алсыз бекен?

Кайырма:
Канчалык берилип алоолоп жансам да,
Кандай сөз айтып жалынсам да.
Кайрылып келбедиң, кантейин эми,
Кыйдыңбы мени жалгыздыкка?

Бактымды колуңа сенин,
Тапшырган элем, тепсесең кантем?
Таптаза менин сезимим,
Таалайы тайыз бекен?

Кайырма:

Кусалуу кучагым жайып,
Кубансам дегем, жетпесем кантем?
Сен деген менин жүрөгүм,
Арман ай, жалгыз экен...

Кайырма:

Категория: Султан Садыралиев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 254 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email:
Подписка:1
Код *: