А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сыймык Бейшекеев

Текст песни Сыймык Бейшекеев "Арзуу"

Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,
Ойноок көз курбум карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.

Кайырма:
Ооруду жүрөк ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.

Сагындым сени үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм

Кайырма:

Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт,
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.

Кайырма:

Категория: Сыймык Бейшекеев | Добавил: Админ (28.01.2018)
Просмотров: 430 | Теги: Сыймык Бейшекеев | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: