А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сыймык Бейшекеев

Текст песни Сыймык Бейшекеев "Көлдүк кыз"

Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт,
Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз.
Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз,
Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз.

Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт,
Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт.
Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз,
Атайын менин арнаган ырым угуңуз.
Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз,
Атайын сизге арнаган ырым угуңуз.

Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт,
Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз.
Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз,
Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.

Категория: Сыймык Бейшекеев | Добавил: Админ (22.02.2018)
Просмотров: 536 | Рейтинг: 5.0/1
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: