А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сыймык Бейшекеев

Текст песни Сыймык Бейшекеев "Сен мага жаз алып келдиң"

Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң,
Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң.
Күн нурун кирпигиңе тагынып алып,
Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң.

Кайырма:
Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө,
Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй.
Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей,
Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде.

Көздөрүң көздөрүмө учураганда,
Бактылуу жоктой башка ушул ааламда.
Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан,
Кыш дагы алы келбей кычыраганга.

Кайырма:

Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде,
Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне.
Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден,
Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!

Кайырма:

Категория: Сыймык Бейшекеев | Добавил: Админ (14.02.2018)
Просмотров: 458 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: