А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » С » Сыймык Бейшекеев

Текст песни Сыймык Бейшекеев "Жакшы сөз айтчы мага"

Кара көз, асылзатым,
Кашымда жүрчү жакын.
Карааның издеп келем,
Кайталап улам атың.

Кайырма:
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.

Жарыгым, жакшынам, эй,
Таалайым, татынам, эй.
Карегиң тик кароого,
Кантип мен батынам, эй?

Кайырма:

Көп кыздар бара жатса,
Көрүнбөйт сенден башка.
Бакытым өзүң болуп,
Багындың махабатка.

Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.

Категория: Сыймык Бейшекеев | Добавил: Админ (19.02.2018)
Просмотров: 3173 | Рейтинг: 3.8/10
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: