А | Б | В | Г | Д | Е | Ж | З | И | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ф | Х | Ц | Ч | Ш | Ы | Э | Ю | Я | 0-9

Главная » Тексты песен » Т » Түмөнбай Колдошов

Текст песни Түмөнбай Колдошов "Кайбереним"

Ак жайыкта ажайып жел согот бир,
Ак жайыкты айланат ак кайыңдар.
Кайыңдарга айланып алышканбы,
Сени ээрчитип кетишкен ак кайыптар?

Кайырма:
Кайда, кантип жүрөсүң, кайбереним?
Калың жылдар билинбей кайда экениң.
Түнөгүңдөн түнү издеп таппай жүрөм,
Аман болсоң эсиңде бар бекемин?

Көйнөгүмө сыр таштап кеткен элең,
Көңүлүмө көөнөрбөс мээр салып.
Көлөкөң да көрүнбөй, кеттиң менден,
Көңүлүмдү көк туман, санаа басып.

Кайырма:

Категория: Түмөнбай Колдошов | Добавил: Админ (26.01.2018)
Просмотров: 381 | Теги: Түмөнбай Колдошов | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
Имя *: Email:
Подписка:1 Код *: